жик
- Эки нерсенин бириктирилген жери, тилке тартып же жолжол болуп билинип турган из.
- Ортодогу айырма, ажыратылышы, бөлүнүшү белгилүү болуп же билинип турган ажырым, чек.
- Кандайдыр бир нерсенин ыгы, жөнү жолу, нугу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ажал жетсе өлбөсөм, / Азабым болсо көрбөсөм, / Бирине бирин кошпостон, / Жигин айрып бөлбөсөм.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененим менен кездешем, / Керт башыма беттешем, / Тирүүлүктөн үмүт жок, / Өлүм жагын жиктешем.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү ти…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Көөн ооруңдун баарын айт, / Жик-жигинен айрып айт, / Болгон иштин дайнын айт, / Көр оозунда турасың, / Ушунчаңда кайра кайт!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Айагы менен тик түшүп, / Казандай болгон кара таш, / Төрт бөлүнүп жик түшүп, / Казанбактай төрт туйак, / Кара жерди казылтып, / Кара темир ооздук, / Көмөкөйгө басылтып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →