жийиркен

китептерде 4 жолу, 3 китепте
  1. Көргөндө, мурдуна жаман жыт алганда, тамак-аштын даамы жагымсыз болуп калганда ж.б. учурларда жүрөк айлануу, иренжүү, көңүлү жипкирүү.
  2. Жактырбоо, көргүсү келбөө, жаман көрүп манчыркоо.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Көргөн киши жийиркенет, / Пендеден бөлөк тирүү бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чачыкей менен Буудайбек, / Эсине түшсө кемпирлер, / Түкүрөт жерге түү-түүлөп, / Кылганын угуп кыз-келин, / Дүркүрөп бойу жийиркенет, / Мындайларды ким эстейт? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Же адал жүргөн калбады, / Же арам жүргөн калбады, / Жакшысынан сүйүнбөй, / Жаманынан жийиркенбей, / Баарын ажал жалмады, / Ошолордон эр бекен, / Сенин уулуң калабы? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Анын артынан: «менин эмнемден жийиркенди болду» деп бир ойлоп алдым. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →