жийде

китептерде 6 жолу, 3 китепте
  1. Жыттуу гүлдөрү жана бубак түстүү ичке жалбырактары бар, желе турган данектүү мөмө байлоочу жыгач.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жийденин түзү кысыкта, / Шылуундар байге бөлүштү, / Беш жүз жылкы бир миң кой, / Баш байгеден көрүштү, / Улам-улам кемитип, / Жакшы болду дегизип, / Он беш атка байге бар, / Оонабаска сайганы, / Санаты кырк беш кара мал. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Бүүлөтүнүн Карасуу, / Бурулуп атын сугарып, / Кылбото деген бел ашып, / Каркыра, Чалка жол басып, / Туздун бойун кылалап, / Токтоо кылбай баратат, / Дөң жийдени бетке алып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Коону менен дарбызын, / Торгоч, шабдоол, анжирин, / Алма менен анарын, / Алмурт, нашпут - аларын, / Бийе менен жүзүмүн, / Жангак менен пистесин, / Алтын сары жийдесин, / Түктүү курттай үжмөсүн - / Баарын койду Токто абаң. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Төө куйрук арча чамалаш, / Койгондой кошуп аралаш, / Жапа өрүк жийдеси, / Алууча жаңгак мистеси, / Кызылчасы кыйырында, / Кыйын көрдү бул жерди, / Кыз Чүрөк сулуу чынында, / Тескейинин баарысы, / Жайкалган шибер ыраңы, / Тоо бөксөдөн өткөндө, / Карагай толкуп буралды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Шилби, четин, ыргайы, / Табылгы, терек аралаш, / Сайып адам койгондой, / Алма менен кожогат, / Алача, өрүк, жийдеси, / Ошол жерде чоңойгон, / Жаңгагы жерге жыйылып, / Ой, чуңкурга жык толгон. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →