жигит

китептерде 416 жолу, 10 китепте
  1. Бой жеткен, эр жеткен эркек, боз улан.
  2. Тайманбаган, тартынбаган кайраттуу жаш адам, азамат.
  3. Күйөө боло турган же көңүлү жакын жаш адам.
  4. тар. Хандардын, кол башчыларынын ж.б. кызматын кылуу менен бирге, алардын өздөрүн да кайтаруу, атайын тапшырмаларын орундатуу иштерин жүргүзүп туруучу кишиси.
  5. тар. Бийлик башында тургандардын, болуштардын ж.б. аткаруу иштерине жумшоочу кызматкери.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Мени менен көрүш, деп / Каты чыкты Кененим: / “Саламат менен Ачакан, / Кат берипсиң Дабытай, / Жылдыз чыкпас, күн тийбес, / Айылда экен ал экөө, / Кайра жанды жигитиң, / Хандарыңа жете албай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ “Сурасаң, Жакып,алгын,”-деп, / Чыңгыш бере салыптыр, / Басып барып жигиттер, / Эринден чалып алыптыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Качарга айла таба албай, / Туруп бердим дөбөгө, / Алдыма келген жигиттер, / Кийгени темир күрөөкө / Токтолуп турду кеп сурап, / Кайсы жер болот, деп сурап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Бул жаңкы ат чыгып кеткен дарбазага жаңы жете бергенде, бир уйгур жигит, дарбазаны шарт жаап жиберип: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Тетиги дубал сага окшогон жигиттердин башынан бүткөн, – деп дубалды көрсөтөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →