жиби

китептерде 4 жолу, 4 китепте
  1. Ар кандай катуу, катыңкы нерселер катыган, тоң абалдан сууланып же нымданып жумшарган, эрип бошоңдогон, былкылдаган жумшак абалга келүү.
  2. Балкуу, көөлгүгөн абалда болуу.
  3. өт. Бир нерсеге муюшуу, көңүлү жумшаруу, ийигүү, көңүлдөнүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Калкында болсо кыргыздар, / Какшай берет турбайбы, / Он экинин бири жок, / Сарамжалга келгенде, / Уй байларга жиби жок, / Уруштан башка иши жок, / Кой деп айтар киши жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жетимиш танап жибинин, / Теңин аткан Коңурбай, / Андан калган танапка, / Шонгочо турган ок жанбай, / Танаптын бары кыркылды, / Талаага жамбы ыргыды, / Арстан минген Айманбоз, / Ал шамалдай зыргыды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
«Эми жибидиң го, калдың го» деп мен ойлоп отурам. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Экинчи күнү жашынганда Чыныбекти Айымсулуу колундагы ийнесинин саптаган жиби учундагы түйүнгө кошо түйүп жашырды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →