жибер
- Бирөөнү же бир нерсени бир жакка жөнөтүү, бирөөнү бир жакка жумшоо.
- Кандайдыр бир нерсе аркылуу же бир нерсенин жардамы менен коё берүү, жүргүзүү.
- Жайылтуу, таратуу, берүү.
- Кыймыл-аракеттин, кубулуштун болушуна же тез аякташына карата көмөкчү этиш катарында колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Бекбачаны жалтанбай, / Найза менен муштады, / Сайдырбастан Бекбача, / Найзасын кагып жиберип, / Качырып кирди Каракөк, / Алгыр бүркүт түрдөнүп, / Найзасынын учунан, / Жалындаган от күйүп, / Табарсыктын башы деп, / Калмак ээр кашы деп, / Найза менен сай…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…зүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп имерди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Олуйа Бакай хан келди, / Каныкей энем ал келди, / Алтымыш балбан дегенди, / Жолборс бала Сейитек, / Ана-мына дегиче, / А дүйнөгө жиберди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ошенткенде Жапарбек экөөбүз аны кармап алып, күркүрөп жаткан сууга келип уруп жибердик эле, кулачтап алып жөнөдү.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Атаке, түшкө сатып жибердим, – деди.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →