жеңиш1
- Согушта, жоокерчиликте, салгылашууда ээ болгон ийгилик, жеңип алуу салтанаты, жеңип чыгуу натыйжасы.
- Спортто, жарышта, мелдеште ээ болгон, жетишилген ийгилик, жеңип алынган жакшы натыйжа.
- Кандайдыр бир иште, эмгекте, алдыга коюлган максатты ишке ашырууга ж.б. жетишилген ийгилик, жакшы натыйжа.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ктууну, / Күрөшсө онду жыкчууну, / Жебени жаага кергенди, / Атканын жазбас мергенди, / Беттешкенин жеңгенди, / Колунан жумуш келгенди, / Басташканын алганды, / Жеңишке чыккан чанданды, / Чалкасынан салганды, / Кең көкүрөк кууш айак, / Балбан болчу балдарды, / Мындайды элден ылгады, / Санап туруп миңди алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кол астында эр жалгыз, / Чабдар күрөң ат минген, / Куйругун ача шарт түйгөн, / Жеңишке салчу күлүктөй, / Көкүлүн көккө шүйдүргөн, / Бар кийгени темирден, / Күн чагылып жаркылдайт, / Кара бойу кем эмес, / Кара тоонун сеңирден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…олду, / Үч кубулуп жер бети, / Мына мындай иш болду, / Найзасын уруп кагышпай, / Кылычын күүлөп салышпай, / Чымырканып тиштенип, / Же чыкыйга балта чабышпай, / Жеңишсе да, жеңсе да, / Майданга чыгып канышпай, / Мүнкүр болуп Чынаача, / Аркы өйүзгө өтө албай, / Эңсеген ойго жете албай, / Ызаалык кеги, кыжыры, / Ичинде турат бир…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Алымжан катуу тургай эле деп кыпылдап анын жеңишин тилеп мен турам.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Жеңиш сиздики, мен да сиздики, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →