жеңилдик

китептерде 3 жолу, 3 китепте
  1. Жеңил болгондук, салмагы аздык, оор эместик, анчалык оор эмес салмакта болгондук.
  2. Жөнөкөйлүк, татаал эместик кыйын эместик, оңойлук.
  3. Оор басырыктуу эместик, шашмалык, токтоо эместик, жеңил мүнөздө болгондук.
  4. Кандайдыр бир оор абалдан, кыйынчылыктан жеңилдей түшкөндүк.
  5. Башкаларга караганда жеңилдетилген шарттар, артыкчылыктар.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Качып кеткен Дабытай, / Айал кылып турбастан, / Отордун барды үйүнө: / — Кененимден жеңилдик, / Силерди алып кетмекке, / Мунда келдим, жүргүлө, / Күлүктөн тандап мингиле, / Буулумдан ылгап кийгиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайкаган калың эл менен, / Силерге окшош эр менен, / Жеңилдик деп Сейиттен, / Кол сурап барсам маа уйат, / Канатташ айыл хандан мен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жерге кирген Толтойум, / Жеңилдик жайың мына ушу! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →