жеңилде
- Оордугу азаюу, салмагы азаюу, жеңил болуу.
- Өзүн жакшы сезүү, сергий түшүү, кандайдыр бир оор абалдан кутулгандай болуп эс ала түшүү.
- Оңолуу, түзүк абалга келип өйдөлөй баштоо, кыйын оор абалдан чыга баштоо.
- Оңойлоо, жөнөкөй боло баштоо, солгун тартуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Бир гана менин кетишим менен үй жеңилдебейт, менден башка чубурган дагы беш жетим бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Элдин түрү баштагыдай эмес, үй буюмдарын жеңилдетип, алганын алып, таштаганын таштап, камынып калган.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →