жеңеке
- Жеңеге кайрылуунун сылык түрү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Беттешкен жерде, жеңеке, / Жайыңды сенин сурагам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мен үмүт менен жол тостум, - / Ырамандын Ырчы уулу, / Ычкыры бапык кырк муундуу, / Өзү бейбаш шоктуу уул, / Айтып турган сөзү бул: / — Уйкудан калып түн катып, / Жол тосупсуң, жеңеке, / Келеби Кошой, келбейби, / Мен көрбөдүм дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анда Гүлүс муну айтат: / — Жарым ооз кебим бар, / Жалпы баарың угуңар, / Ырайдан жанса Канчоро, / Ага ырайым кылыңар, / Жаман болбос мунуңар, / Жакшы берди кеңешти, / Абам Бакай билсин, деп, / Хан Сейитек уулуңар, / Энем менен жеңекем, / Акырында ушулар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Ашыгып Гүлүс кеп айтты: / — Андай болсо, энеке, / Кулагына тамызгын, / Колуңду тосуп жеңеке, / Көзүнө сыйпап агызгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кат жазайын, жеңеке, / Хан Кыйаздын өзүнө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →