жеңе
- Аганын аялы.
- Жалпы эле өзүнөн улуу кишинин аялына же өзүнөн улуу аялдарга карата кайрылуу иретинде айтылуучу сөз.
- Кыз менен жигиттин ортосунда жүрүүчү аял.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Зарылтпай мени, жеңелер, / Сапты айакка куйуп кел, / Сапты айакты колго алып, / Кыз сулуусу сунуп кел.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Акылман жеңең Каныкей, / Бакай менен кеңешип, / Жарасы жаман Манастын, / Жакшы болуу кыйын, деп, / Жүрө берип, жам-жайкыт, / Кыйналбайлы кийин, деп, / Төө көтөрөр Акбалбан, / Азык-түлүк баарысын, / Кайран жеңең камдаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Болжоп жүрдүм Таласта, / Айдай жеңем Айчүрөк, / Сени үч жыл көтөрдү, / Арамкор Кыйаз шек санап, / Электен далай өткөрдү.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Бул түгөнгөн Канчоро, / Каары катуу зор Кыйаз, / Хан Бакайдай карыга, / Кастарлуу Гүлүс эренге, / Каныкейдей энеге, / Кадырлуу Чүрөк жеңеге, / Короолош коңшу болгонду, / Кырып салып тынарбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Карчыга: "Кокус мен кетип калсам, булар Жагалымды өлтүрүп коюшат, ошондуктан үйдөн эки-жакка чыкпайын" дейт да, жеңесине:
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →