жетөө
- Жетинин жамдама саны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ал жетөөнү чогултуп, / Падыша койуп баарына, / Жетисууда Жедигер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…им, / Чокморлууга чаптырбай, / Найзалууга кактырбай, / Аралап өтө бергенде, / Найзакерден экини, / Чокморлуудан бешөөнү, / Томолотуп өттү эле, / Мен- мен деген жетөөнү, / Жыйырма үч балбан илегер, / Баары мыкты кеменгер, / Карсылдашып кагышып, / Каарданып чабышып, / Төбөдө чокмор чакылдап, / Көөдөндө найза такылдап, / Тегерек…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…гу, / Кара жалдуу Борончу, / Кырмузшаанын Мурадил, / Калмактардын Уушаңы, / Кедендердин чоң Жолой, / Манжулардын Нескара, / Кечилдердин Коңурбай, / Кеңешкордон жетөө бар, / Келип кирди ушулар, / Улам-улам эл келди, / Үрпөк баштуу туу келди, / Менменсинген эрендер, / Калбай баары бүт келди, / Аманат жанга күч келди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эстенип муну Куткарбас, / Куу найза баштап он балбан, / Кырк сардарын санады, / Кырк сардардан ону өлгөн, / Өлгөнүн анын эл көргөн, / Он балбандан жетөө өлүп, / Бир жарым күндүк урушта, / Жети балбан, он сардар, / Он жетиси тең өлгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жети кыраан жер толгон, / Жетөө менен дос болгон, / Жетик тууган эр элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →