жеткир1
- сейр. Жетик, жеткилең, ар нерсеге бышкан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Таңгыттын элин кетирип, / Малды айдап жеткирип, / Ак калпак кыргыз элинин, / Ат жетер жерин калтырбай, / Аксакалын келтирип, / Алып келген малдарды, / Мурунку кеткен малынын, / Азы-көбүн эске алып, / Тараты…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Барган жерде макул деп, / Маа кошулса жакшы кеп, / Калкынан качкан караан деп, / Карабаса кийин кеп, / Элинен азган кишиге, / Эки жылга эл жок, деп, / Жеринен азган кишиге, / Жети жылга жер жок деп, / Жеткирлер айткан бу бир кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кедеңдин уулу Жолойу, / Жеткире берип колкосун, / Каалап туруп бул алды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эки күндө жеткиргин, / Кайыпчыга маалында.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Ушул жерди жеткирип айта албай, жаман тил менен сомолоп гана койдум.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →