жеткилең

китептерде 26 жолу, 6 китепте
  1. Бардык жагынан төп келишкен, жетик, билгич.
  2. Толук жетиштүү, жетишерлик даражада, жеткиликтүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кек маңдайлуу кебез жал, / Аркар шыйрак нар туйак, / Жылкыдан чыккан жез билек, / Алты ай чапса арыбас, / Алтымыш асый болсо да, / Азуусун сөйкөп карыбас, / Жети ай минсе талыбас, / Жетимиш асый болсо да, / Жээгин сөйкөп карыбас, / Жеткилең күлүк мал турат, / Жылкыдан мындай табылбас. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Алдында минген тору аты, / Жетилбайдын Жээрде атча, / Жеткилең катуу чуркады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Желип чыкты кашатка, / Жеткилең Манас алдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жети кыраан болгонго, / Жеткилең, атан жойлоду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
/ Атагы Талас, чоң Кеңкол, / Жетитөр деген жер экен, / Жеткилең Манас барында, / Жети хандын эли экен, / Семетейдин тушунда, / Эки хан болгон кеп экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →