жеткен

китептерде 574 жолу, 10 китепте
  1. Барып турган, аябаган, абдан, өтө.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бойго жеткен кыздарын, / Талпак кылып тебелеп, / Ак чач болгон кемпирди, / Ары-бери сүйрөлөп, / Орто жашта жубанды, / Билгенин кылып буларды, / Уландын баарын сойуптур, / Карынын көзүн ойуптур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күч келтирип айабай, / Тартып жаткан арканы, / Кесилетке тийиптир, / Орой тийген чачылып, / Күүсү менен аркандын, / Элүүчөсү өлүптүр, / Кеңкула менен Кененим, / Кесилетти көрүптүр, / Эр кененим жеткени, / Кылыч менен мойнунан, / Кыйа чаап өттү эми. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…н тизгинин, / Тең кармап Сыргак силккени, / Көнүкү болгон тулпары, / Бута атым артка кеткени, / Күрзүсү жерге киргени, / Ыкшап тартып алганча, / Баатыр көк жал жеткени, / Жата тургун эми деп, / Как өпкөнүн тушу деп, / Эти жок такыр колтукка, / Мылгытып найза жиберди, / Ылдамдап копшуп имерди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кыңк эткен бенде болбоду, / Бакай айткан болгону, / Эшикке чыгып Керменбай, / Элге угузуп койгону, / Эки күнү той болду, / Күн саны үчкө жеткенде, / Канчорого ой болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Баятан батынбай турган койлор, муну көргөн соң, кутулбай турганына көзү жеткендей, четинен күрүлдөп, сууга кирди. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →