жетиш
- Жетиштүү болуу, кемип калбоо, тиешелүү өлчөмдө, канааттандырарлык абалда болуу.
- Үлгүрүү, өздөштүрө алуу.
- Бир нерсени иштөөгө, аткарууга чамасы жетүү, мүмкүнчүлүгү болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жедигердин элине, / Жетиксиз киши жумшайым, / Өзүң хандын баласы, / Жетиштирип аны алгын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Беш күндөн калсаң кечигип, / Калыбек келет жетишип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Он алты күндүк ортого, / Ошол күнү жетишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кишиге айтып жаткандай, / Канаттууга таарынат, / Кукулуктап жорголоп, / Эне-атасы жетишти, / Баласын көрүп жарасын, / Экөө тең учуп кетишти.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бул экөө дагы узак жол жүрдү, акыры ээн талаа, эрме чөлгө жетишти.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →