жетинчи
- Жетинин иреттик саны.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жетинчи күнү чыгамын, / Жыласыңды чыгарып, / Жып жылма, түп-түз кыламын, / Уйкудан көзүң ачамын, / Ой – тоого жиниң чачамын, / Каныңды суудай төгөмүн, / Эрдигиңди, калмактар, / Ошо күнү көрөмүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күн бешимге барганда, / Келбей киши калганда, / Каныкей келип караса, / Кырк тамдагы казына, / Алты тамды бүт алган, / Жетинчи тамдын төрүндө, / Жыйган жүктөй зар калган, / Андан башка казынага, / Адам басып барбаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп айтканча Чыныке, / Саадагын колго бергени, / Саадакта калта жети кат, / Кылжыке ага кол салат, / Жетинчи каттын түбүнөн, / Жетимиш бүктөп каттаган, / Жергенин жүнүн таап алат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жалгыз күчүк тууптур, / Алып барып күчүктү, / Зайыбынын салып алдына, / Кайыпчал айтты зайыбына: / — Сен төрөдүң жети кыз, / Жетинчиси ушул кыз, / Баарысын алды Шукшур дөө, / Баласы жок жүрөбүз, / Ар жылы отко күйөбүз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Акыры бала абайлап туруп, жетинчи бөлмөнүн ачкычын уурдап алып ачса, алтын түркөк, күмүш бакан, чынар терек, түрлүү гүл, Чатыр-Көл бар экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →