жетин
- Жетиштүү болуу, кеңелип калуу, бир нерсеге колу жетүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ Сарбашыл уйду карматып, / Түктүү сан кылып талатып, / Бар кийимин тонотуп, / Ордо баккан элдер бар, / Өөдө-төмөн колбушуп, / Эскисин алган эзилип, / Дүнүйөгө жетинип, / Чепкенин алган чечилип, / Миң койлуудай эсирип, / Чапанын алган чак болуп, / Бүт дүйнөсү сап болуп, / Курун алган кубанып, / Ит дүйнөгө жубанып, / Топусун а…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…ңына барыптыр, / Көрүп Уушаң Күрөңдү, / Кыйтур деген калмакка, / Жетелете салыптыр, / Кыйтур - калмак балбаны, / Миң кишиден көбүрөөк, / Бу калмактын арбагы, / Жетиндим атка эми, деп, / Дароо минип алганы; / Сүйүнүп батпай тонуна, / Жык бир толуп калганы; / Так ушундай мезгилде, / Сыргак жетип барганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жаңы көпкүр жаштарды, / Жетинтип атка салбасам, / Лопнур, Жеркен, Хотендин, / Жибегин койбой албасам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Жилиңден бери карата, / Так Амурга баргыча, / Беш чоң шаар салайын, / Аралда жүргөн камалып, / Жапанды жерге жетинтип, / Анан өлүп калайын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Агартып көйнөк кийбесем, алгылыктуу оокат ичпесем, качанкыга чейин эле эч нерсеге жетинбей, жорудай болуп жүрөмүн, – деп күйөөсүн, жемелейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →