жетимдик
- Жетим калгандык, жетимдин абалы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мурас эмес эркелик, / Жабышып калбас жетимдик, / Жараткан билет ар ишти, / Тентитип ийбейт кесирлик.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Андан ары өткөндө, / Кетментөбө жер деген, / Келишимдүү эр деген, / Кендирбайдын кер көкүл, / Жетимдиктен жетилген, / Эркин өсүп керилген, / Ак болоттой келишкен, / Эрдиги артык теминген, / Жамынган аппак тону бар, / Жарадай сары аты бар, / Жыйырма беште жашы бар, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Колумдан келип турганда, / Чубактан калган чунак деп, / Казы кесип жегиздим, / Жетимдигиң билгизип, / Качан башка дегиздим?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Биз, тууган элек бирге өскөн / Жетимдикте тең өскөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аны көрүп Сомбилек, / Эки көзгө жаш алып, / Мусапырлык жолунда, / Ыйлоого кирди муңканып: / — Жараттың, кудай, жан кылдың, / Ата-энемден тең айрып, / Жал-жал карап жалтанган, / Жетимдикте зар кылдың, / Бүрдөп турган чагыңды, / Кең дүйнөнү тар кылдың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →