жетим
- Ата-энеси экөө тең же алардын бири өлүп калган бала же жаш мал.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айылда бар бир катын, / Өзүбектин жесири, / Ээрчип жүргөн уулу бар, / Атасы жок жетими.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Куу сакал Бакай, Каныкей, / Жылма катын Айчүрөк, / Ой Гүлчоро, жуукур кул, / Жетим бала Сейитек, / Эми мени айаба!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Алыстан келип көп душман» / Кармап алды түшүмдө, / Сага окшогон жетимди!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ошонун жалгыз ооз сөзүн билбесем да, ысыкта мемиретип салган кайгылуу, заардуу, жетим обону менин жүрөгүмдү козгоп, анын мазмунун ошончодон жалгыз өзүм түшүнүп тургандай болом.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
– Мен жашымдан жетим калган элем.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →