жетил

китептерде 161 жолу, 10 китепте
  1. Жетиштүү болуу, бир нерсеге колу жетүү, оңолуу.
  2. Белгилүү бир деңгээлге жете өсүү, өнүгүү, бышуу, толуп жетүү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Атасын Кара дөө жеген, / Абылды такка мингизди, / Жетилбай менен Көкбука, / Тилегин колго тийгизди, / Сейиттен эгизбиз, / Телегейи тегизбиз, / Атаң Темирбек болсо, / Болжолдуу күнү келиңиз, / Адам алдап, сөз танып, / Алдамак болсоң, Көкбөрү, / Анда өзүң билиңиз. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Эзелден элдин макалы: / “Эли сүйгөн эр өлбөйт, / Эр жетилткен эл өлбөйт, / Өлсө дагы арбагын, / Тирүү сыйлап жар салып, / Эли эстеп өлтүрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Күүлүү найза нетиптир, / Бөйрөктү тепчип кетиптир, / Карчытынан тешилип, / Кош бөйрөгү эзилип, / Желип чыкты Дабытай, / Карышкырдай эсирип, / Жаш балапан жоголду, / Келе жаткан жетилип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Чыйырды бойу жетилип, / Күндөн түнгө Жакыптын, / “Эркек тууса, кантем? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Эркектер улак тартышып, / Урумдан келген кыргыздын, / Эбедени эзилип, / Эт жүрөгү жетилип, / Түйүндүү сыры чечилип, / Жандап келип келиндер, / Акбаланы көрсөтүп, / Көргөндө Гүлнар жүгүнүп, / Башкага чылбыр карматпай, / Атын алды жүгүрүп, / Көчүрүп к… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →