жетик
- Кыраакы, акылман, кылдат, даанышман.
- Бир нерсеге жөндөмдүү, шыктуу, тетик.
- Мыкты, чыгаан, кыйын.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Ашырабы Таласка, / Бала жолборс жеткени, / Бар кайратын ашырып, / Манастап ураан чакырып, / Желегин жерге жапырып, / Жетик тууган эр неме, / Бек кайгырып ачынып, / Аралап асыл киргенде, / Жүрөгү өлгөн нечен жол, / Жедигер, испан, коросон, / Жайнай берди чачылып, / Арасы ачык коо бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ошол кезде Калемкаш, / Жыйырма бирде чагы экен, / Үйдө жүрүп билинбей, / Үйрөнүп көзгө калыптыр, / Өткөзө сулуу ал экен, / Жедигердин элинен, / Жеткирген кабар биздерге, / Жетик акыл Мадана, / Жыйырма беште чагы экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ар акчан, калмак, катынча, / Амал кылып багасың, / Анткен менен амалга, / Жетик эмес чаласың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Манжулардын Нескара, / Акылында кеми жок, / Өтө жетик бир балаа: / — Ай, ай Коңур баатыр — деп, / Айалдай турчу акыр-деп, / Жалгыз башың суурулуп, / Жүрөмүн дешиң кайсы кеп?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кортоңдогон Тапан хан, / Оң-тескери кумтунуп, / Чолтоңдогон Тапан хан, / Шум канчыктан кеп угуп, / Көбү какшык, азы акыл / Айабаган жеме угуп, / Жетик акыл айтты, деп / Эл бузулуп кете алгыс, / Мен айланы таптым, деп / Желдеттерин шаштырып, / Чойтолоңду чакыр, деп / Желдеттери далдаңдап, / Алып учуп калдаңдап…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →