жетесиз

китептерде 2 жолу
  1. Тексиз, теги жок.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Келбес болсо Шермат хан, / Көрүнбөсө көзүнө, / Алтынай менен Чолпонай, / Кудустук эки сулууну, / Көкбука менен Жетилбай – / Жетесиз кулдар алат де. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Көбү билбей жүргөндүр, / Келип турат Керкитке, / Кененимдин Сейити, / Кетирбей кармап жоо алсын, / Менин кызым Кылжыке, / Жараса аны бирөө алсын, / Алтынай менен Чолпонай, / Ааламдан чыккан сулуулар, / Жетесиз кулга алдырбай, / Экөө алсын экөөнү, / Көмөлөтсө Сейитти, / Көккүмбөздүн кохарын, / Көзүн ойгон эр алсын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →