жетекте

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Коштоп алуу, жетелеп алуу.
  2. Бирөөнү өзүнүн айткандегенине көндүрүү, оюндагыдай башкарып алуу.
  3. Жетекчилик кылуу, башкаруу, жол көрсөтүү, сүрөөгө алуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Жетекте төөсү жүз болду, / Жолдошу элүү эр болду, / Жетегинде Жакыптын, / Үч токумдуу ат болду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Аркы ойго түшкөндө, / Түз келгиниң элиңе, / Сен айгайлап киргенде, / Жетекте Кызыл жүргөндө, / Көзүн анын ныл басар, / Өлгөнү Серек экен деп, / Тирүү экен Сыргагы, / Качпасак эми бекер деп, / Бир-бирине айтышар, / Акылынан шашышар, / Амал калбайт каңгайда, / Кайрылып туруп атышар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…с мергенден, / Жаага чебер кергенден, / Чапканын жазбас андестен, / Найзага чабар ыктуудан, / Балтага кыйын шыктуудан, / Кылычка кыйын кылдаттан, / Тайганы бар жетекте, / Уламдан-улам жаңылап, / Алты маңгыт, төрт тайган, / Эки моңгул береки, / Бар санаты он эки, / Буларда турду кезекте, / Аңдып жүрүп ушулар, / Катышар айла та… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →