жет

китептерде 927 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү бир орунга, жайга баруу, белгилүү бир жерге келүү.
  2. Жетиштүү болуу, кемип калбоо, толук болуу.
  3. Жеткиликтүү болуу.
  4. Белгилүү бир куракка, жашка келүү.
  5. Белгилүү бир сан чегине келүү.
  6. Бир нерсенин учуру, убактысы келүү, маалы болуу.
  7. Белгилүү бир чекке чейин келүү, жетигүү.
  8. Анык, абдан даана болуу, акырына чейин чыгуу.
  9. Тилеги, максаты, ойлогон ою ж.б. ордунан чыгуу, орундоо.
  10. Кандайдыр бир нерсеге, буюмга ж.б. ээ болуу.
  11. Бир нерсени аткарууга, орундоого мүмкүнчүлүгү болуу, күчү келүү, орундай алуу, аткара алуу, колунан келүү.
  12. Кадырлоо, сыйлоо, баалай. алуу сыяктуу мүмкүндүгү болуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Эби келсе беш урук, / Элиңе кет кек албай, / Жериңе кет бир тынбай, / Кетпесеңер элиңе, / Жетпесеңер жериңе, / Эрегишсең биз менен, / Киресиңер көрүңө! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Коросондо далай күн, / Өтүп кеткен эмеспи, / Аркасынан жетпеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Туубай туна чөгөйүн, / Тумшугу жок курган жан, / Бир беттешип көрөйүн, / Ажалым жетсе өлөйүн, / Өлбөй тирүү ким калат, / А дүйнөгө жөнөйүн! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Гүлүстөндүн далысы, / Кечирлери кесилди, / Кулгуна болуп ириңдеп, / Бүткөн бойу тешилди, / Ак калпак кыргыз эл үчүн, / Бүгүн кайра жеткизди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Тулпар күчүнө келип, ар тоонун башын бир аттап басып отуруп жетти. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →