жесекчи

китептерде 27 жолу, 4 китепте
  1. Чалгынчы, жесекке чыккан адам.
  2. Кароолчу, сакчы, күзөтчү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара чекир буткулдун, / Кыйалын абдан билели, / Эшиктеги жесекчи, / Каракөздү чатырга, / Киргизбе деп айталы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Такта олтурган Айтумуш, / Жесекчиден кеп угуп, / Кыргыз келди деп угуп, / Семетей деген эрди угуп, / Токтоно албай удургуп, / Ат араба коштуруп, / Артынан чаңын тоздуруп, / Барып жетти Чынгышка. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…ден жулунуп, / Кемер курлар үзүлүп, / Кеткен жок аттан түшүрүп, / Бирин бири алган жок, / Ойлогон ишин бүтүрүп, / Жай- жайына жанышты, / Аңгычакты кеч кирип, / Жесекчилер жер сактап, / Кайгуулчу, изчи – баарысы, / Милдеттерин алышты, / Агарып таңдын атышы, / Коросон, испан элдери, / Аттанып чыкты болжолу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жесекчиси нетиптир, / Ырчы болгон Алмаңды, / Жетелеп алып кетиптир, / Бир эшикке барганда, / Кагазды берип Алмаңа, / Кирген жок аа буйрук, / Жесекчи туруп калды анда. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ар жумуштун эби бар, / Жесекчинин ичинде, / Хан оозунан ар качан, / Жооп алуучу бирөө бар. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →