жергиликтүү
- Ушул жерлик, мурдатан ушул жерде туруктуу жашап келген, башка жактык эмес.
- Белгилүү бир жайга, территорияга гана мүнөздүү болгон, ошого таандык (көрүнүш, салт ж.б. карата).
- Жалпы мамлекеттик эмес, белгилүү территорияга, районго таандык, ошол чөйрөгө тиешеси бар.
- Башка жактан алынып келбеген, ушул жердин өзүндө өндүрүлгөн, даярдалган, ушул жерде мурдатан бар болгон.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара кытай, манжудан, / Шибе, солон, анжудан, / Жер бетине чуу салган, / Жергиликтүү моңгулдан, / Кыргыздан чыккан бузуктан, / Кызыгышкан душмандан, / Ооган менен коросон, / Кутулбаган ошондон, / Катылышпай кетели, / Тилимди алсаң сен болсоң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →