жергелүү

китептерде 6 жолу, 5 китепте
  1. Эли-журту көп, эл-журттуу, урук-туугандуу, түптүү, ата мекени бар, Жергелүү журтум чабам деп, Бу кебиңди ким уксун («Сейтек»).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Четтеп турбай жат элче, / Жаныма жакын келгиле, / Жергелүү Талас жериңде, / Жети хандын эли эле, / Экөөнүн өзү жок болду, / Беш хандын башын бир кошуп, / Конокту бөлүп бергиле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Ата-энеси тең өлүп, / Энеси байкуш чөлдө өлүп, / Атасы Карадөөдө өлүп, / Азапты чөлдө тең көргөн, / Аз жыл болгон көөнү өскөн, / Жергелүү элге баш болгон, / Айылым, калдың кайыр-кош! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Жергелүү көкжал Семетей, / Каккан экен ченебей, / Каарданган Кутургур, / Карап калган кеңгиреп, / Эчтемени элебей, / Ойроту жок эр Семең, / Үзөңгүгө тамандап, / Кобо калып чокуга, / Оройлотуп жиберди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Жерди көрдү аркандай, / Жергелүү бенде конгудай, / Желени тартып койгудай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
– деп, / Жергеңди салып аркага, / Жергелүү киши сенби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →