жергелеш
- Жери, эли-журту, ата мекени бирге, бир жерден.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Кара калпак өзүбек, / Бадахшан, Үркөнүч жергелеш, / Алтымыш уруу көп алаш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жекендей болгон бир жанмын, / Жергелеш жок бутагым, / Өңгөдөн мага жардам жок, / Өзүңө жаным тапшырдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Урук-тууган, жергелеш, / Учурашып келсек деп, / Алты киши бир келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Жергелешип төрт киши, / Кеңеш кылып алыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Жеринен бирге маңгытка, / Жергелешип келгенден, / Алдында өлгөн эрлерден, / Үчөө калган бул эрде, / Жол талашып батышпайт, / Кимиси мурун кирерге.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →