жергеле

китептерде 20 жолу, 6 китепте
  1. Катары менен келген абалда болуу, кыркалай жайгашуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алты боосу үзүктүн, / Аруулап соккон термеден, / Жазылыгы төш жары, / Тегиричи дейилда, / Кермеден кетпей жергелеп, / Ат котолоп айылда, / Тегеректеп желеге, / Жылкы жуушап калганда, / Туйактанып баса албай, / Жөө киши барбай айылга, / Жойлоп барган ит тийбей, / Төгүп салган майына. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Жыш айыл эки болгондур, / Бөлүнүп четтей койгондур, / Бөлүнүп үйү конбосо, / Аттарын байлап койгондур, / Кермесине жергелеп, / Келишкен аттар толгондур. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кеңколдун башы жети төр, / Жергелей жаткан элди көр, / Аралап кабар алышты, / Элибиз жыргап жатат, — деп, / Кененимге барышты, / Эл аманын билгени, / Эр Кененим күлгөнү, / Эки күнү – эки түн, / К… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…й хандын элдери, / Чоң артууну жээктей, / Бир келки аппак жабуусу, / Эр Чубактын айылы, / Карабуура, Чаткалдан, / Алмамбетке караган, / Жергенин Сарыталаага, / Жергелеп тартып конду эле, / Шык алып ногой толду эле, / Капсалаң менен күн өтүп, / Хан келер кези болду эле. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жедигердин Толтойу, / Жер майышкан көп колдун, / Жетимиш жорго ат алып, / Жергелей тартып жүгүндү. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →