жерге-жээк

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Урук-тууган, жек-жаат.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Катарлап чаап олжо алып, / Карк алтынга бөлүнүп, / Кабың толгон күнүңдө, / Катарга албай, эске албай, / Эч болбосо кепке албай, / Дердейип жүргөн күнүңдө, / Жерге-жээк, тууган деп, / Толуп турган күнүңдө, / Келбедиң, Чикетей, десеңер, / Өзүң билгин, үч баатыр, / Бар сырымды жашырбай, / Айтып турам мен такыр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Такка минген жаңы хан, / Дабытай колдуу өлгөндүн, / Жээни менен тайына, / Жерге-жээк баарына, / Катын менен уулуна, / Ага тууган калгандан, / Ошолордун баарысын, / Жайа салып жай айтып, / Баарынын көөнүн жайлаган, / Кененим айткан кептерин, / Ч… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шектүү душман элиңе, / Кол артчу жерге-жээгиңе, / Алдында камдай жүрбөсөң, / Тайанасың сен кимге? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →