жерге

китептерде 1635 жолу, 10 китепте
  1. Белгилүү бир жер, өлкө, аймак.
  2. Конуш, турак-жай.
  3. Эл-журт, ага-тууган, айыл-апа.
  4. Белгилүү бир чөйрөдөгү адамдар, айлана-тегеректегилер.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ушул бүгүн Бекбача, / Алтымыш бирде мүчөлү, / Агам Асыл өлгөнү, / Отуз алты жыл болду, / Бир күн тыным албады, / Атактуу Манас айкөл шер, / Мен барган жерге барбады, / Тирүүлүктө Бекбача, / Калганы жок арманы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Күүлөп урган күрзүсүн, / Күчү менен чабаарда, / Эр Сыргактын денесин, / Жерге нандай жабаарда, / Томолонуп атынан, / Тар кезеңге тыгаарда, / (Табылат айла эчен түр, / Чегинен ашкан кыйарга), / Жанагы кийин келгени, / Кош колдоп күрзү шил… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Алып келгин бул жерге. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Болжошкон жерге келгенде экөөбүз элдин артында калдык. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– Бул жерге келген кайтып кетчү эмес. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →