жер-суу
- Тиричиликке жана чарбачылык иштерин жүргүзүүгө ылайык шарттары менен бирге жалпы эле жерлерди, тоолорду, өзөндөрдү ж.б. жалпылоо иретинде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жибербеймин ага, деп, / Мен барабар сага, деп, / Өлбөй калган үчөөнүн, / Бирөө тосо барыптыр, / Тосо барган кытайдан, / Беттешкен кытай ар жактан, / Найзалашып кагышты, / Каңкылдатып жер-сууну, / Качырышып салышты, / Эрдик кылып чоң Катай, / Тосо барган кытайды, / Аңтара сайып алышы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Солкулдатып жер-сууну, / Жер жайнатып айдады, / Жетимиш миң көп колду: / — Жүргүң, колум, жүргүлө, / Четке киши чыгарбай, / Тегеретип алалы, / Кыргыздын колун бул күндө, / Бүгүнкү түндөн чыгарбай, / Баарын кырып салалы, / Балбандары беш экен, / Баарын кармап алалы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чокмор кетти каңкылдап, / Жер-сууну бузуп даңкылдап, / Ашыккандан Талана, / Арбайтып колун сунганы, / Каракөк тууган Кененди, / Жакасынан алганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кусадар болгон ээси үчүн, / Жер-суу менен жайыт, мал, / Кубанталы аларды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Адеп келе сала жер-суубузду тартып алды.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →