жер
- Күндү тегерете жана өзүнүн огунда айлануучу күндөн кийинки үчүнчү планета.
- Кургактык (океан, деңиз ж.б. сууларга карама-каршы түшүнүктө).
- Биздин планетанын үстүнкү бети, үстүнкү катмары, кыртыш, топурак.
- Айдоо, жайыт, чабык катарында пайдаланыла турган аянт, белгилүү бир участок.
- Өлкө, мекен, мамлекет.
- Орун, белгилүү бир жай.
- Кандайдыр бир өлчөмдүү аралык.
- Көбүнчө келген тарап же келин болуп келүүчү кыздын төркүндөрү, куда тарап.
- Дененин же кандайдыр бир нерселердин айрым бөлүгү.
- Кандайдыр бир нерселердин, иштин, жөнүн, шартын, ал-абалын билдирүүдө колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Эби келген кези экен, / Эки ингендей жерди албай, / Эртеңден калбай аттанып, / Кокту кат барам бир тынбай, / Карыңды бактын каркыттап, / Энеңди баккын сүт актап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…мды карап көрөм деп, / Дайынсыз кепти айтчу эмес, / Даанышман Алма төрөм, деп, / Телкызыл минип теминип, / Каргадай жалгыз жол жүрүп, / Калган Сыргак эригип, / Жердин бети ачыла, / Тунарыктар жазыла, / Тоо бөксөлөп күн тийип, / Күндүн мурду чачыла, / Дөбөнүн чыгып башына, / Дүрбүсүн алып ашыга, / Алмамбет айткан байагы, / Ту…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каныкей айтат: - Канчоро, / Жерге түшкөн кезиңде, / Жерден алган мен элем, / Эмчегим эмген сен элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Кай бир күндөрдө жумуш кылып жүрүп конуп калып музоого ушул жерден туруп кеткеним бар.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Бала эки өгүздү чыгарып коюп, бир колу менен тартып, бир колу менен кармап, жерди айдап таштайт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →