жемсөө
- Канаттуулардын жеген жеми ашказанга түшүүдөн мурда жыйналып, жумшартылып тура турган кызыл өңгөчтүн моюн жакка орношкон кең бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…/ — Музой Калча, оңбой кал, / Байлап бербей бүркүттү, / Убара кылып баатырды, / Мунуң жакшы иш эмес, / Колкосун берет болуучу, / Кошойдун уулу Жалгызек, / Кара жемсөө киши эмес.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Гүлүстөн эр Гүлчоро, / Түндө калган кур жемсөө, / Оттой күйүп жаны ачып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →