жемиш

китептерде 29 жолу, 6 китепте
  1. Мөмө берүүчү бактардын, бадалдардын желе турган мөмөсү.
  2. өт. Кандайдыр бир нерсенин ийгилиги, жакшы натыйжасы.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

…ли эң жаман, / Менин эрим Медеркан, / Акырайа бир тиктеп, / Сен жумшадың, Зулпукан, / “Балага балык жегиз, — деп, / Баш маана болгон кыргызга, / Байбиче берген жемиш” деп, / Балага берип жатканда, / Байкабай калды Мадыбек, / Сени жумшап жиберди: / “Той беремин уулума, / Тойдун камын кылгын” деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кембагалдын жери экен, / Жер жемиши мал экен, / Жалгыз эчки болсо да, / Жан сактап кетер жер экен. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…/ Алдыңа келдим, Куткарбас, / Өзүңө келдик арз айтып, / Айлабызды өзүң тап, / Шоркөлдө калды чачылып, / Тапан хандын алтын так, / Жетисууда меники, / Ээн калды жемиш бак, / Ургаачыда мен карып, / Алтын тактан ажырап, / Тапан хан болду бир карып, / Алдыңа келдим, Куткарбас, / Карыптын баары жамдалып, / Элден, жерден ажырап, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Артында ишке карабай, / Жемишти жеди жайма-жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ичинде дүйнө жемиштин баары бар. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →