жемир
- Бир жак четинен кемире бузуу, кемитүү, уратуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жемирсең мөрөй сеники, / Жеңилип калсаң кокустан, / Жедим тамак меники.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Аларды алса жемирип, / Карк толсо көөнү семирип, / Айкөл шерге бармакчы, / Кол салышып, элирип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жылкыны жолго салышты, / Жылдырып айдап алышты, / Суудан чыга таң атты, / Анда Сыргак муну айтты: / — Айланайын Алаке, / Айдаган жылкы токсон миң, / Бар экен мында береке, / Жемирген жерди чоң дайра, / Агып өттүк араң да, / Кандай шумдук сыр эле, / Өлбөдү мындан бир тай да?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карандай дөөдөн Борончу, / Корккондун бири болуучу, / Үчөөнү алдык жемирип, / Тура албай калды Коңурбай, / Жалгызсырап желигип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Арзандык менен Калдуубет, / Жемирилип бербейт, — деп, / Жонунун жоору бүтө элек, / Чогулуп үйгө түшө элек, / Жолоочу жүргөн кезинде, / Жолугуп ага жетейин, / Жоболоңдуу Калдуубет / Жолукса башын кесейин, / Бадана тонун чечейин, / Тулпарын алып олжого, / Минер атка жетейин”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →