жемеле
- Жемеге алуу, тилдөө, зекүү, жекирүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
деп, / Коркконунан кээ бирөө, / Көзүнөн жашы себелеп, / Күпүрлөгөн андан көп, / Медерканды жемелеп, / Медеркан атын укканда, / Мелтиреген кара көк, / Мелтиреп карап турбады, / Эшикти карай бет алып, / Бөлүнө койуп эл качып, / Эпчи жак менен эр жакка, / Эл бө…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Калкыңа кыргыз келбесе, / Калмакка бардың неге, дейт, / Калк ичинде карылар, / Калбай баары жемелейт, / Билеги жоон балдардын, / Баарынын каны себээлейт, / Ал көрөкчө, балдар, ай, / Өлгөн жакшы жан калбай, / Жекелеше чыгалы, / Андан бетер тайманбай, / Кычырып барып кыргызды, / Эл кыдыртсак ал кандай?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ — Болду, Алаке, болду — деп, / Өлбөсө да бул каапыр, / Өлөсөлүү болду — деп, / Чубак айтты ошондо, - / Уланталы жолду, — деп, / Анда Алмамбет жемелеп: / — Чубак андай дебе, — деп, / Салоокени өлтүрбөй, / Койолу деген кайсыл кеп?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Ойротту көрүп Сомбилек, / Опсуз катуу сүйлөнөт, / Орундуу айтып жүйөсүн, / Оолугуп баатыр жемелеп: / — Сен кеткели бир жылдан, / Ашып кетти ээ Ойрот?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
— деп ушуну кайра-кайра айтып, Жанымжанды жемелеп отурат.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →