жемек
- Көбүнчө чүкө оюнунда оңой утуп алууга жагдай түзүлгөн абал, ыңгайлуу шарт түзүлгөн учур.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп жапылдап турганда, / Коркуп кетпейт Конушбай, / Сейити бар жанында, / — Коңулдаба, желмогуз, / Сенден коркор чак эмес, / Жаныңды койор жер таппай, / Мени жемек тургайлык, / Качып жүрүп сенделип!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Элимди Кыйаз чапканда, / Бойумда бар дегенсиң, / Бойумда бар дебесең, / Ошол күн жаным жемекмин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
"Жокемдин сөөгүн таза жерге коем" деп, түлкү кийин этин жемекке зыңыйта жашырат.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Бир күнү карды ачкан арстан өзүн асыраган мышыкты жемек болот.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Тоок бутунун алдында калган жалгыз данды жемекчи болгондо, ал кубулуп таруу болду.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →