жеме
- Урушуп, тилдеп, жекирип айтылган сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Анда айтат Йобалы: / — Ой, Бактыбай, Бактыбай, / Сениң кебиң элге айтып, / Жеме уктум айабай, / Аттанып чыктым жекеге, / Найзалашам айанбай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кененимден кеп угуп, / Кекээр кептен жеме угуп, / Токтоно албай Талана, / Ачбөрүдөй жулунуп, / Найзасын күүлөп акырып, / Дабытайлап бакырып, / Кененимге бул айбан, / Келип тийди качырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
Ханы менен карадан, / Улуу-кичүү баарыдан, / Өмүрүндө Күдүктү, / Бирөө жалган дебеген, / Чабалайча бүгүнкү, / Түк укпаган жемеден.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кортоңдогон Тапан хан, / Оң-тескери кумтунуп, / Чолтоңдогон Тапан хан, / Шум канчыктан кеп угуп, / Көбү какшык, азы акыл / Айабаган жеме угуп, / Жетик акыл айтты, деп / Эл бузулуп кете алгыс, / Мен айланы таптым, деп / Желдеттерин шаштырып, / Чойтолоңду чакыр, деп / Желдеттери далдаңдап, / Алып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мына ушинтип Кайыпчал, / Зайыптын алып кеңешин, / Көтөрбөс болуп жемесин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →