жем2
- Тегирмендин чанагынан түшүп жаткан данды кичинеден жана бир калыпта чубурта турган, чанактын алдына орнотулган бөлүгү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жети суудан жем жеген, / Желбегей Сыргак бүркүттөй, / Желигип турат Бекбача, / Алп кара куш кептенип, / Теминип турат Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Арамдык кылган оңолбос, / Акырында соо болбос, / Айтканын танып коржоңдоп, / Мурадил өлдү Казанда, / Нескара өлдү Сайрамда, / Уушаң өлдү Нарында, / Такыр баарың жем болдуң, / Кузгун менен кажырга!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Күйгөнү барып жем берип, / Сылап-сыйпап кашылап, / Келбегени жөн койуп, / Жүрө берди жан жыргап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жалгызек сынап олтурат: / — Жетисуудан жем жеген, / Желбегей Сыргак ушу, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Ошондой бол, таз балам, кар буркандап жамгыр жааганда, жем издеп кокус мен барсам, тузак тартып ата энемди, бала-чакамды кармап алгансың.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →