желпилде

китептерде 12 жолу, 6 китепте
  1. Желге ыргалып желп-желп этүү, делбелектеп, ыргалган кыймылда болуу, желбирөө.
  2. өт. Токтоно албаган жеңил мүнөздө болуу, жеңилдик кылуу, ээлигүү, оолугуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Желпилдеп кызыл туу менен, / Жез барабан чуу менен, / Коргондон чыгып аттанып, / Камчы булгап Бекбача, / Татыбек бар жанында, / Орунбайды чакырды, / Ага жана тапшырды: / — Ордодо калдың Орунбай, / Багып тургун Таласты, / Элдин көөнүн орутпай, / Жок жерден салык таппагын, Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Ат минбестен жөө жүргөн, / Дөөнү көрдүк ыраактан, / Кыркты көрдүк байрактан, / Желпилдетип келаткан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Жетимиш танап тактырып, / Жамбысын ага астырып, / Дайарлатып койуптур, / Жамбы атуучу эрлердин, / Тамашасын угуптур, / Аңгычакты болбоду, / Айылдан элдер чубурду, / Көкөтөйдүн белгилүү, / Желпилдеди көк туусу, / Алаштын эли калкылдап, / Майданга барып турушту, / Калган хан да аттанды, / Деңиз боло чайпалды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…н учун өбүшүп, / Эрге тамак чай берип, / Атка сууну жай берип, / Көкбука менен Жетилбай, / Бирге басып жанаша, / Барандынын жанында, / Башта сайган байракты, / Желпилдетип колго алып, / Көкбука, Жетил жанында, / Сейиттин көөнү азыр жай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Колунда тайак кекилдеп, / Ылдамдай басып декилдеп, / Шамал ыргап сакалы, / Ийининен ашып желпилдеп, / Муруттары тиктелип, / Бетинен чыгып сары түк, / Дегеле жаман түктөйүп, / Алынбаган башта чач, / Жалдуу айгырдай үксөйүп, / Ийилип бели мекчейип, / Эки көзү … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →