желпи
- Ары-бери серпип желдетүү, шамалдатуу.
- Сапырган сыяктуу кылып экчөө, экчеп кебектерин, пыр-сырын учуруу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…им, — деп, / Мыкты болсоң, Чынаача, / Дагы бир күн келгин, — деп, / Ошол күнү дагы бар, / Ошол Манас менмин, — деп, / Көкчөкөздү көрсөм, — деп, / Көксөп Көкжал желпинет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Деп Сейтек күркүрөп, / Оозунан чыккан буусуна, / Үзүк-туурдук желпинет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →