желп
- Жазы нерселердин желден, эпкинден ж.б. козголо түшкөнүн, желбиреп кыймылдаганын билдирүү үчүн колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жабык баш, туштук, чырмак чий, / Жуп секичек көшөгө, / Үйдүн ичи бөлөкчө, / Көз уйалып жаркылдайт, / Тегеретип көргөнгө, / Атактакы үйлөрдүн, / Желбоосу жез чынжырдан, / Чамгарагы жылт карай, / Үй санаты бир далай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Бу түгөнгөн каңгайлык, / Чаначтай үйлөп желберди, / Урушка кумар эл экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
– / Анда Ажыбай кеп айтат: / — Уктум эле Бейжинди, / Ары барыш алты айлык, / Бери келиш алты айлык, / Он эки айлык жолу бар, / Ошончолук оңу бар, / Таластагы төрөгө, / Жети күндө барарсыз, / Жети күндөн калсаңыз, / Желпинип турган Манастын, / Жекүүсүнө каларсыз.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Борошолоп күн жааса, / Бургуйлап шамал каптаса, / Туман болуп боз түшсө, / Күн көрүнбөй түн түшсө, / Бөлүнбөсүн көөнүңөр, / Манастап ураан чакырып, / Көйнөктү желпип көрүңөр, / Сыйкыр колдуу эч нерсе, / Силерге жакын келе албайт, / Чын пилдерин жумшаса, / Алмабаш менен аткыла, / Майданга чыкса жекелеп, / Баатыр Тапак белиң …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Баладан качып баратып: / “Жердин, суунун Желпиниш, / Ошого качып кетсемби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →