желмогуз
- Кыргыз, казак, элдеринин оозеки чыгармаларында картаң кемпир кебетесиндеги көпчүлүк учурда жети баштуу тири укмуштуу мифтик жандык. Байыркы түрк тилинде жел – карасанатай дух, жин-шайтандуу жандык.
- өт. Түрү суук, ачкорок, соргок, залим, опкок, мыкаачы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Көк күмбөздүн сыйкырын, / Көрүнө калган таш талкан, / Сулаймат жолун тордоткон, / Хан калчаны баш кылып, / Жан жүрбөстүн кумунда, / Жети дөөнү сойлоткон, / Желмогуздун тукумун, / Жеринен үзүп жоготкон, / Жыйырма экиде жаш кеткен, / Сейитим атам жардам бер!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Ага караштуу жерлерин, / Аркасында элдерин, / Кар манапка бир берген, / Бадыкөлдүн Мадыкөл, / Маңдайда жалгыз көз экен, / Нак желмогуз өзү экен, / Атанын ордун тапканда, / Чогултуп элин бакканда, / Манастын уулу Семетей, / Баса келип тебелеп, / Мадыкөлдү сулатып, / Тактасын элге талатып, / Ар …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Экинин бири энтеңдеп, / Эми келди дектеңдеп, / Ачып көрдөн алгандай, / Жерден чыга калгандай, / Желмогуздай жаланып, / Жан-жагына каранып, / Кичине барча дөбөдөй, / Миң батман күрзү колго алып, / Күркүрөгөн куушта, / Жолборстой болуп үн салып, / Беттеше турган кез бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Угуп муну эр Тапак: / — Желмогузга алданып, / Тапан хан болсо чоң акмак, / Куткарбастан жарымды, / Алып берем дегенге, / Алданып келген мен акмак!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Желип чыкты бөлүнүп, / Желмогуздай көрүнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →