желки
- Эриндердин чатырап, териси сыйрылма жарааты.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Аты — Жамат,— көзү көк таштай, чеңкийген, ээрдинен эзели желки кетпеген, мойну ичке, куркуйган сары неме.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Желки болгон ээрдин жалап өзүн карай тырсылдап оттоп бараткан боз токтуну «киши» деп алып:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →