желке
- Моюндун арт жаккы бөлүгү, шили, кежиге.
- Кежиге териси, моюн терисинин кежиге жагы, шили жагы.
- Бир нерсенин арка жагы, арт жагы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Мен алданып калмакка, / Малдын кулу экенмин, / Кең пейил элге күйүнгөн, / Сен Кененим экенсиң, / Кененим сенден жалтайып, / Акчан киши экенмин, / Желкеңден жерге баспасам, / Жети ата кылып кыргызды, / Жети катар чаппасам, / Дабытай атым курусун, / Жесир катын, жетим уул, / Журт- журтта калып улусун!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алмамбетти өлтүрүп, / Куурайдай мойнун кыйыңар, / Агеркечти жулмалап, / Желке чачын кыркыңар, / Кементайды кийгизип, / Кер байталды мингизип, / Алып барып таштаңар, / Карахандын шаарына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кара нээт бул канчык, / Чойтолоңду кастады, / Тапан ханга тилдетип, / Желкесинен баскалы: / — Сейиттен өлдү канча жан, / Эми өлсө эки, үч эр / Баарысы эрчип бул элиң, / Чойтолоңдун артынан, / Сейитке жагынып, / Кетирет сени баркыңдан, / Эмгичекти канча кеп, / Таратты экен артыңдан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Капташа түшкөн мезгилде, / Көк желкеге бир койду, / Тоосур менен Кутургур, / Катар экөө тоңкойду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Колунан бир сапар бошой түшкөндөй болдум эле, кайтып жана жетип, желкемден муунтуп, кармап алып дагы бир топ шылып жиберди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →