желин
- Сүт эмүүчү жаныбарлардын (уй, кой, жылкы ж.б.) сүт бездери орун алып, сүт жыйноочу эмчектүү органы.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Калдалаңды көргөндө, / Баатыр Асыл түрдөнүп, / Ажыдаардай сүрдөнүп, / Кайра жаачу булуттай, / Каар бетине чүмкөнүп, / Салкыны сырттын желиндей, / Салышып көнгөн баатырың, / Сандаган колдон эринбей, / Ширөөсүндөй көөрүктүн, / Жалын чыгып көзүнөн, / Жаасы катуу жайдарың, / Жагалданып алганы, / Жайылданы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Келе жаткан карааны, / Карап туруп Гүлчоро, / Келе жаткан карааны, / Карап туруп Гүлчоро, / Калыбекти сынады: / Салкыны сырттын желиндей, / Ысыгы жайдын күнүндөй, / Өңүнүн заары көрүнөт, / Куу чаар жылан түрүндөй, / Азыркы келе жатышы, / Кирген нардын сүрүндөй, / Алкымында күркүрөк, / Толкуган көлдүн үнүндөй.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…рүнгөнү жуткундай, / Жанказандай башы бар, / Жаткан иттей кашы бар, / Сакалы саадак кабындай, / Жакшы чыккан муруту, / Чоң балтанын сабындай, / Салкыны сырттын желиндей, / Сайышаарга жоо болсо, / Чоңдугу төөнүн нарындай, / Толкуну көлдүн шарындай, / Жумуру баш айры төш, / Пендеде мындай табылбай, / Алгара минип болкойуп, / Тем…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чиркей чагып сүт чыкпайт, / Салып койгун желин кап, / Аркар-кулжа жок экен, / Жейрен –бөкөн көп экен, / Бул экөөнүн душманы, / Топ-топ болгон чөө экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Сызып кетсе куу качыр, / Сырттын шамал, желиндей.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →