желим
- Бир нерсени жабыштыруу, чаптоо үчүн колдонулуучу жабыштыргыч зат, клей.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…йзанын, / Кызыл канга чыктады, / Бекбача минген Майтору, / Эки колу бүгүлүп, / Тизелей түшүп оңолду, / Отор калмак найзасын, / Кокус сынып кетет деп, / Тарамыш желим жаткырып, / Колу менен чырмаган, / Мелтиреген таш сайып, / Найзасы кеткен таш жарып, / Андай нечен сынаган, / Учун ууга сугарткан, / Таштан тайбас найзасы, / Б…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жаза албаса кармалап, / Чогулуп калган желимди, / Кыйчылдак болгон теримди, / Унутуп калбай эске ал, / Менин айткан кебимди, / Коржоңдоп калмак бек кармайт, / Булкуп-силкип белимди, / Тарата кармап желимди, / Сеп алып жаным калганда, / Уктап кетсем мемиреп, / Тоңкойтуп таштап кетпесин, / Чокумдан мени тебелеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кыл шиберге копшотуп, / Тезге басып токтотуп, / Түптүздүгү сүмбөдөй, / Ок жыланга окшотуп, / Билер-билбес жигине, / Жара желим токтотуп, / Тал жибек менен чырматып, / Көгүчкөндүн канатын, / Сыйрып алып сырдатып, / Кытайдын кызыл курчунан, / Бир канчасын алдырып, / Бөрү тилме чыгарып, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Жара желим токтотуп, / Жибек менен чырмаган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Сырештен желим алдырып, / Чарага куйуп чалдырып, / Сыртына шыбак тарттырып, / Салакасын арттырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →