желик
- Ээлигүү, токтоно албоо, делебеси козголуп, бир орунга тура албоо, күүлөнгөн, эргиген көңүлдө болуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жети суудан жем жеген, / Желбегей Сыргак бүркүттөй, / Желигип турат Бекбача, / Алп кара куш кептенип, / Теминип турат Бекбача.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эр Кененим элирип, / Эркин аттай желигип, / Эрегишер жолу жок, / Олбуй-солбуй теминип, / Каңкара какшап буту ооруп, / Сынган бутун айабай, / Шишик басып челектей, / Ычкыр кашат, белкырчоо, / Чыгып барды шишиктер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Мурда барып жыгылып, / Топого башың тыгылып, / Кийин барып желигип, / Жеп ийчүдөй ээлигип, / Как сооруңа найза жеп, / Качып келдиң демигип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Айчүрөктөн кеп угуп, / Токтоно албай эр Гүлүс, / Желиккенсип удургуп, / Семетейдин үстүнө, / Басып кирди бурулуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…Санаасы сүттөй ак болгон, / Казактан канча хан өткөн, / Кытайдан келген Алмамбет, / Кылымдан ашкан зал өткөн, / Нойгуттун ойон Чубагы, / Оорагы артык будагы, / Желиксе жеңген баарыны, / Сээрлүү кийген тажыны, / Кылымдын баары макташат, / Кыргыздан Сыргак баатырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →